-0.9 C
Баткенская Область
01.12.2021
Batken.PRESS
Image default
Жаңылыктар Саясат

Тажикстандан 6 тонна жүзүм ташып келе жаткандар кармалды

Кечээ, 29-сентябрда Баткен облусунда коңшу Тажик Республикасынын аймагынан мыйзамсыз жүзүм ташып келе жаткан жарандар колго түшүрүлдү. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Анда, чек арачылар Баткен районунда эки автоунааны текшерүү үчүн токтотуп, аларда мыйзамсыз ташып алынып келе жаткан 6 тонна жүзүм бар экендиги аныкталган.

Белгилей кетсек, апрель айынын соңу жана май айынын башындагы чек арадагы чыр-чатактан кийин Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын бир тараптуу жапкан болчу.

Кечээ, 28-сентябрда, Тажикстан Кыргызстанга буга чейин чек араны ачып берүү өтүнүчү менен Кыргызстандын бийлигине расмий кат жөнөтүп, бирок, ага алар Бишкектен жооп ала электиги маалым болгон.

Бул да кызыктуу

Жүктөлүүдө....