2.3 C
Баткенская Область
28.10.2021
Batken.PRESS
Видео Мультимедия Саясат

Талаштуу чек аралардагы кагылышуулардын башаты (видео)

Борбордук Азия өлөкөлөрүнүн эң чоң көйгөйлөрдүн бири — чек аралардын так аныкталбаганы. Былтыр жазында Өзбекстан менен Кыргызстандын, Тажикстан менен Кыргызстандын чек ара тилкелериндеги чатактар ок атышууларга чейин жеткен. Бул чатактар жолдордун жана чек аралардын жабылышына чейин жетип, жаңжал чыккан аймактан башка аймактарга жетүүчү жолдордо бир топ кыйынчылыктар жаралган. Мисалы, Өзбекстандын Кыргызстандагы аймагына кирип-чыгуу бир нече ай кыйынчылык жараткан. Ошондой эле Кыргызстандан Өзбекстанга жана Казакстанга товар киргизүү, жарандардын кирип чыгуусу мезгил-мезгили менен күн тартибиндеги эң көйгөйлүү маселелерге айналып турат.

Советтерден мурас калган көйгөйлөрдүн башында суу турат. Евразия чөлкөмүнүн эң көп жана эң таза суу ресурстары Борбор Азияда. Кыргызстан региондогу эң бай суу ресурстарына ээ болуп жана ошол эле учурда Өзбекстандын бул сууга болгон муктаждыгы суу бөлүшүүдөгү көйгөйлөргө жол ачат. Ошондой эле, эки мамлекеттин ортосундагы келишпестиктер “сууну өчүрүп салабыз” деген коркутуулар менен же суу үчүн “силер менен согушабыз” деген коркутуулар менен аяктайт.. Аймакта суу ресурстарын пайдалануудан келип чыккан көйгөйлөр жашоочулардын тынч жашоосун бузат.
Кыргызстандагы белгилүү саясатчы, Жогорку Кеңештин 6 жолку чакырылышынын депутаты Өмүрбек Текебаев бул көйгөйлөрдүн чечилгис түйүнүн түшүндүрүп берет.

“Биз суунун башында турабыз, акыркы 30 жылда эркин жана өз алдынча мамлекетпиз. Фергана өрөөнү эң жыш жайгашкан жер. Фергана өрөөнү Кыргызстанга караганда 12 эсе, ал эми Казакстанга караганда 5 эсе чоң. Аларга суу, жер жетпейт, бул аймактарда көйгөй көп чек ара маселесин дипломатиялык сүйлөшүүлөр менен чечилиш керек.”-дейт

Бул да кызыктуу

Жүктөлүүдө....