2.3 C
Баткенская Область
28.10.2021
Batken.PRESS
Image default
Саясат

Таабалды Тиллаев «Альянс» партиясы менен шайлоого барат

Депутат Таабалды Тиллаев «Альянс» партиясынан шайлоого барат. «Альянс» саясий партиясы бүгүн, 12-октябрда Бишкекте курултай өткөрүп, парламенттик шайлоого катышуу үчүн талапкерлердин тизмесин бекитти. Таабалды Тиллаев былтыр парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен катышкан.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, партиялар 14-октябрга чейин курултай өткөрүп, талапкерлердин тизмесин тактап бүтүшү керек.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Бул ирет Жогорку Кеңешке 90 депутат келет. Анын 54ү партиялык система менен, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат.

Бул да кызыктуу

Жүктөлүүдө....