2.3 C
Баткенская Область
28.10.2021
Batken.PRESS
Image default
Жаңылыктар Маданият

Саламат Садыкова Түркияда жеке концертин берет

Кыргыз  Эл артисти Саламат Садыкова Түркияда жеке концертин берет. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы жеке баракчасы аркылуу кабарлады:

“Учурда Түркия мамлекетинде коноктобуз. 28-сентябрда Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан «Mistik & folklore» эл аралык фестивалында жеке концерт берем. Фестиваль үчүн 9 мамлекет тандалып алынган. Анын бири биздин Кыргызстан. Буйруса, кыргыз ырлары Түркиянын сахнасында жаңырат. Концерт Selçuklu Kongre Merkezi’нде өтөт. Жалпы күйөрмандарды концерттен күтөбүз!”, — делет билдирүүдө.

Бул да кызыктуу

Жүктөлүүдө....