-8.5 C
Баткенская Область
22.01.2022
Batken.PRESS
Image default
Баткен району Баткен шаары Жаңылыктар

Прокуратура: Баткенде курулуш башкармалыгы мамлекетке 12 миллион зыян келтирген

Баткен облустук медиа борборунун имараты үчүн 11 414 987 сом, ошондой эле Баткен районунун Чоң-Талаа айылындагы орто мектептин окуу корпусу үчүн 1 065 212 сом негизсиз которулган. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдары өткөрүлгөн тендердин шартын бузганы аныкталган.

«Алдын ала сүйлөшүү аркылуу аткарылбаган жана бүтпөгөн курулуш иштерге жумуштар аткарылды деген негизде жеке жактарга 12 480 199 сом акча каражатын мыйзамсыз которушуп, мамлекетке ири өлчөмдө материалдык зыян келтиришкендиги такталды», — деп айтылат маалыматта.

Топтолгон материалдар Жазык кодексинин 320-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталган.

Бул да кызыктуу

Жүктөлүүдө....