-8.5 C
Баткенская Область
22.01.2022
Batken.PRESS
Image default
Коом

Ошто «Ифтар базар» аталган базарда түркүн даамдар сатылат

 Ош шаарында эл «Ифтар базар» деп атаган дүйүм тамак-аш сатылган базарлар иштеп баштады. Маалым болгондой, анда тамак-аштын бардык түрү сатылат. Мусулмандар жылына 1 ай орозо кармашат. Аталган базар дал ошол орозо айында ачылып, кайра жабылат. Ленин көчөсүндө, Алишер Навои көчөсүндө, Курманжан датка көчөсүндө, Р.Абдыкадыров көчөсүндө «Ифтар базар» иштеп баштады. Алардын эң чоңу Курманжан датка көчөсүндө жайгашкан. Базар так тротуарда жайгашып, тамак-аш, суусундук, эт, казы-карта, сүттөн даярдалган азыктар, салаттар, жашылчалардан бери сатылып жатат.

Деген менен «Ифтар базарда» сатылган тамак-аш, салат жана казы-карталардын баарын эле сатуучулар жасаган эмес. Алардын дээрлик көпчүлүгү сатып жаткан товарын фирмалардан алышат. Мисалы, өзүн Зиеда деп тааныштырган сатуучу казы-карта жана салаттарды сатат. Ал саткан тамак-аштарды фирманын кызматкерлери унаа менен таштап кетишет.

Аталган базар күнүгө саат 16:00дө ачылып, саат 19:00дө жабылат. Бирок көпчүлүк учурда аталган базар түштөн кийин эле башталып, караңгы киргенге чейин соода кызуу уланат. Ошол себептен базар жайгашкан тушта, тактап айтканда Курманжан датка көчөсүндө унаалардын узун тыгыны пайда болот.

Бул да кызыктуу

Жүктөлүүдө....