-0.9 C
Баткенская Область
01.12.2021
Batken.PRESS
Image default
Жаңылыктар Маданият

Обончу, композитор Заирбек Султанов дүйнө салды

Некролог
Заирбек Султанов өтө жөнөкөй бирок Улуу Адам эле. 60 тан ашык ообон жаратып, кыргыз маданиятынын өнүгүшөнө өзгөчө улуш кошкон элеттик агай өмүр бойу велосипединен түшкөн жок. Балдары акыркы үлгүдөгү автоунаа сатып берсе да аккордеону менен велосипедин
таштабады.
Кыргыздын кыйырына таанылган Саламат Садыкова Апаз Жайнаковдорго АК батасын берип, акыл насаатын айткан ообончу,композитор Заирбек Султанов бүгүн капилет акка моюн сунду. Түбөлүгүңүз бейиш болсун. Көпчүлүк Заирбек Султановду «Төрт Гүл элеси» деген ыр менен тааныйт болуш кк…Кезегинде хит болгон бул ообондун авторун Улуу Адам эле десем, айрымдар айтаар… Ооба чын эле элеттин Улуу инсаны эле.
Өмүру бирөөгө жаман суйлөбөгөн, жаш бала менен да велосипединен түшө калып,эки колдоп учуршчу.
Маркум Заирбек Султановдун үй-бүлөсүнө «Баткен пресс» сайтынын жамааты көңүл айтат.

Бул да кызыктуу

Жүктөлүүдө....