2.3 C
Баткенская Область
28.10.2021
Batken.PRESS
Image default
Блогдор

Кыргызстан менен Тажикстан аскердик жаңжалдын босогосунда турабы?

Көпчүлүк тарабынан тажик бийлигинин «жогорку даражалуу кошоматчысы» деп эсептелген журналист, борбор калаа Душанбедеги китепкананын директору жана Эмомали Рахмон режиминин үгүттөөчүсү Абдукодир Талбаков Facebook баракчасы аркылуу «согушка» ишара кылды. Ал кайсы бир мамлекетти так айткан жок, бирок Кыргызстан менен болгон чек ара чатактары курчуп, ушул маселе боюнча коомдук талкуу жүрүп жаткан учурда пикир билдиргендиктен, Кыргызстан менен болгон согуш жөнүндө ишара кылса керек.

Талбаковдун сөздөрү расмий пикир катары кабылдай деңгээлде эмес. Бирок, олуттуу мамиле жасап, көңүл бурса болот. Себеби анын практикасы көрсөткөндөй, анын милдеттеринин бири социалдык тармактарда коомдук пикирди калыптандыруу, экинчиси Рахмаон бийлигинин «кылмыштарын» жашыруу жана актоо.

Котормосу: «Мен кыйыткым келбейт, бирок ар бир эл, улуттук рухту бекемдөө, бир пикирде болуу жана биригүү үчүн 50-100 жылда бир жолу согушка катышып турушу керек».

Албетте, маселени аскердик жол менен чечүү өтө туура эмес чечим жана ал эки тараптын тең пайдасына бүтпөйт. Кыргызстандын оор экономикалык абалы, саясий туруксуздук, Баткендеги чектеш аймакта жашаган тургундар эле эмес Тажикстандагы Ворух жана Чоркух сыяктуу жыш жайгашкан райондордо көп сандаган адамдар жапа чегишет. Бирок окуялардын мындай өнүгүшүн толугу менен четке кагууга болбойт. Анткени, эки тарапта тең аскердик жаңжалга кызыкдар топтор же адамдар бар.

Камчибек Ташиевдин кызматы жок жүргөн учурундагы популисттик билдирүүсү кызуу талаш-тартыштын негизги себеби болуп калган. Жана да жакында анын Ворухту Кыргызстанга өткөрүп берүүнү Тажикстанга сунуш кылдык деген билдирүүсү, тажиктердин кыжырын келтирип, кырдаалды курчутушу мүмкүн. Анын ультиматумдук бул билдирүүсү Тажикстанда төмөнкүчө чечмеленип жатат: «Эгерде сиз бизге бербесеңиз, анда биз өзүбүз алабыз».

Ташиевдин чуулгандуу билдирүүлөрүнө чейин эле, Кыргызстан Ворухтун жанында, Баткен облусунда аскердик машыгууларды өткөрүп, машыгуу үчүн ташылган айрым аскер техникалары жана кызматкерлер чек арага жакын жайгаштырган.

Маселени аскердик жол менен чечүүгө даярдануу үчүн Тажикстан Ворухка атайын топторду же «командо» деп аталган күчтөрдү жибериши. Жөнөкөй офицерлер менен аскерлер бул милдетти аткара алышпайт, анткени экинчи тарап эч кандай учурда катардагы солдаттар менен офицерлерди колдонушпайт. Бирок Афганистандан согушкерлердин кирип кетишине жол бербөө үчүн тажик армиясынын атайын бөлүктөрү Бадахшанга жана жарым-жартылай Хатлон облусуна жайгаштырылган. Аларды Ворухка жайгаштыруу үчүн, жок дегенде бир нече убакытка чейин Ооганстан тараптан эч кандай коркунучтар болбошу керек.

Ошол эле учурда, Тажикстан буга чейин жылуу мамиледе болбогондугуна карабастан, жакында Ооганстандын президенти Ашраф Ганини жылуу тосуп алып, ага илимий даража тапшырды. Албетте, өлкө ар дайым тажик бийлиги атап жүргөндөй, Тажикстандын “согуш тынбаган” коңшусу менен болгон чек арасында көзөмөлдү күчөтүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Бирок Тажикстан аларга ушундай өтүнүч менен кайрылса, анда Афганистан өкмөтү буга кандайча макул болушу керек? Бул суроого жооп берүү үчүн убакыт талап кылынат.

Эки күн мурун Тажикстандын Коргоо министри Шерали Мирзо күтүлбөгөн сапар менен Тегеранга жөнөп кетти. Ал ирандык кесиптеши Амир Хотами менен жолугушту, ошондой эле Ирандын башка жогорку кызмат адамдары менен жолугушуусу пландаштырылган. Ирандын маалымат каражаттары Ирандын Коргоо министри Шерали Мирзо менен жолугуп, эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү керектигин жана Иран тарабынан курал-жарак сатуудагы адилетсиз эл аралык чектөө жана Иран курал-жарак, аскердик жабдуулар жана коргонуу экспорту боюнча эч кандай кыйынчылыктарга туш болбогонун жазды.

Албетте, чектөөлөрдүн аяктагандыгын жана бул Иранга дээрлик бардык товарларды, анын ичинде курал-жарак сатууга мүмкүнчүлүк берээрин бардыгы билишет. Бирок эмнеге Ирандын Коргоо министри тажик кесиптешинин көзүнчө муну баса белгиледи? Балким, Мирзо андан Иран качан Тажикстанга курал-жарак сата алат, тагыраак айтканда, кайрымдуулук кыла алат деп сурады беле?

«Аскердик кагылышуу» кимдерди кызыктырат?

Эки тарапта тең көзөмөлгө алынган чек ара жаңжалына же «кичинекей аскердик кагылышууга» кызыкдар топтор же адамдар бар. Көпчүлүк учурларда, мамлекет башчылары рейтингди көтөрүү же айланасындагы адамдарды бириктирүү үчүн «кичинекей жеңиштүү согуш» ыкмасын колдонушат. Бул ыкманы тажик президенти байма-бай колдонуп, ийгиликтүү натыйжага жетишип келет. Кыргызстан менен чек ара маселесин чечүүгө кызыкдар болбой жаткандыгынын бирден-бир себеби да ошол.

Эмомали Рахмон

Тажикстан президентинин рейтинги ал бийликке келгенден бери эң төмөнкү деңгээлге жетти. Ал тездик менен өз тарапташтарын жоготуп жатат жана эгер ушул убакка чейин маалымат согушунда каршылаштарына утулуп келсе, анда бүгүн чыныгы согушта жеңилип калуу коркунучу сөзсүз бар. Оппозоиционер Иззат Амонду уурдалышы, элдин чыдамын ансыз да кетирип, жарылуу болуу ыктымалдуулугун көбөйтүүдө. Эгерде азыркы саясий кырдаал улана берсе, анда Рахмондун бийликте жок дегенде дагы бир жыл калышына эч ким кепилдик бере албайт.

Өлкөнүн ичинде жарылуунун алдын алуу жана тизенин ылдый жагына түшүп калган рейтингин көтөрүү үчүн ага кандайдыр бир тышкы чыр-чатак керек. Чыр чыгып кетсе, эл кааласа да, каалабаса дагы, өкмөттүн айланасында биригүүгө аргасыз болот. Чыр-чатактын жыйынтыгына карабастан, ал өзүнүн бийлигин бир азга узартуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло алат.

Садыр Жапаров

Акыркы жылдардагы Кыргызстандагы ыңкылаптар көрсөткөндөй, өлкөдөгү бир дагы президенттин жок дегенде бир жыл бийликти кармап тура алышына эч ким кепилдик бере албайт. Буга чейин бир  канча саясатчылар, эал аралык экспеттер, ал тургай өлкөнүн ири саясий күчтөрүнүн жетекчилери бир канча ирет айтышкан. Кайсы бир саясий күчтөрдүн тобу көтөрүлүп, президентти пенсияга гана эмес, кайра түрмөгө да жөнөтүшү мүмкүн. Бул жагынан кыргыздар тажрыйбалуу болуп, президент алмаштырууга жыл сайын тезирээк ээ болууда.

Садыр Жапаров өзүнө каршы ар кандай ыңкылаптын алдын алышы керек. Бир гана жол — кыргыз элинин башын бириктирүү. Тышкы согуштан артык эч нерсе улутту бириктире албайт. Ошондуктан, ал бул «кичинекей согушка» кызыкдар. Бирок Эмомали Рахмондон айырмаланып, ага бул жаңжалда жеңиш гана жардам берет. Утулуп калса же жада калса тең чыкса, анда ал өзүнүн позициясын бир күнгө дагы сактап кала албайт. Ошондуктан бул ал үчүн кооптуу оюн.

Тажикстан региондогу эң алсыз өлкө жана көбүнчө Кыргызстанга көз каранды болгондуктан, бул Садыр Жапаровдун “кичинекей согушту”жеңүү  үчүн эң жакшы мүмкнүчүлүк.

Саймумин Ятимов

Тышкы чыр-чатакка эң көп кызыкдар болгон адам Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы болушу мүмкүн. Эгер Рахмоновдун бийлигин жок дегенде бир жылга сактап калууга кепилдиги жок болсо, анда Ятимов үчүн бир ай убакытты талап кылат. Анткени Рустам менен Шохрухтун командасы көптөн бери анын артынан суу куюп, зарыл мүмкүнчүлүктү күтүп келишет.

Эгерде ал чыр чыгып кетсе, анда ал өз кызмат ордун сактап калаарын билет, анткени «Ашууда ат алмаштырбайт» деген эреже бар. Аскердик кагылышуу болуп кетсе, Рахмонго чындыгында эле ага окшогон «тажрыйбалуу карышкыр» керек болот жана ал аны кызматтан алууга эч качан макул болбойт.

Согуш ар дайым жаман, тынчтык дайыма жакшы. Согуштар кээде элдерди бириктирип, кууп чыкканы менен, эч кандай согушту алдын ала айтууга болбойт. Диктаторлор өз бийлигин сактап калуу үчүн баштаган «кичинекей жеңиштүү согуш» толук кандуу жана узакка созулган согушка айланып, анын демилгечилерин кошкондо миңдеген адамдардын өмүрүн алгандыгын тарых бир нече жолу көрсөткөн.

Эки тарап тең мындай акылсыз чечим кабыл албайт деп ишенебиз…

Бул да кызыктуу

Жүктөлүүдө....