2.3 C
Баткенская Область
28.10.2021
Batken.PRESS
Image default
Жаңылыктар Саясат

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча топография топторунун жыйыны өттү

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын топографиялык иш топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматына караганда, эки тараптын мурда жетишилген макулдашуусуна ылайык, жолугушуу 5-9-октябрда Кыргызстандын Исфана шаарында уюштурулду.

Баткен облусунун башчысынын биринчи орун басары Маруфхан Тулаевдин айтымында, жолугушууга тийиштүү мекемелердин өкүлдөрү катышты:

«Каттоо кызматынын өкүлдөрү, топографтар катышты. Жылыштар бар деп айтып жатышат».

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча эки тараптуу протоколго кол коюлду. Топографиялык иш топторунун кийинки жолугушуусун Тажикстандын аймагында өткөрүү макулдашылды.

Быйыл 28-30-апрелде жана 1-майда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. Үйлөр, социалдык объекттер өрттөлүп, талкаланып, жарактан чыккан.

Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө тең бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.

Бул да кызыктуу

Жүктөлүүдө....