-8.5 C
Баткенская Область
22.01.2022
Batken.PRESS
Image default
Жаңылыктар Коом

Калыбына келтирилген Баткендин абалы: мамылар кулап, канализациянын люктары сынып, суу жок

Лейлек районунун Максат айылында жакында орнотулган электр мамылары кулап калды. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар маалымат каражаттарына билдирди. Алардын айтымында, жакында эле орнотулган электр мамылары кулап калып, айылда эки күндөн бери электр жарыгы жок.
«Жакында орнотулган бир нече мамычалар кулады. Азыр үйүбүздө электр жарыгы качан болоорун билбейбиз», — дешти алар.
Белгилей кетсек, президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, Баткен шаарында электр жарыгына 7 миллион 181 миң сом сарпталган. Баткенди калыбына келтирүү үчүн элдик каражат чогултуу учурунда атайын эсепке 130 миллион 386 миң 950 сом которулган. Анын ичинен 120 миллион сому облустук администрациянын аппаратына жөнөтүлгөн.
“Убада Баткен” порталынын маалыматына караганда, 16-сентябрда гана отурукташкан Мадина шаарынын тургундары ичүүчү суусуз калышты. Кошумчалай кетсек, шаарда канализация люктары буга чейин эле бузулуп калган.
Жергиликтүү ишкерлер Баткенге жакын жерде каза болгон кыргызстандыктардын үй-бүлөлөрү үчүн 36 үй куруп беришти. Шаарчага аскердик кагылыштан курман болгон 12 жаштагы Мадинанын ысымы ыйгарылган. Жергиликтүү бийлик бул жерге 8 миллион 681 миңге канализация орнотуп, 3,5 миллионго тосмо курган.
Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан кийин Баткенди калыбына келтирүү боюнча дирекция түзүлүп, аны атайын өкүл Мамыржан Рахимов жетектеген. Эми ал “Ишеним” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышууда.
Эске салсак, чек арадагы чыр 28-апрелде Головной суу бөлүштүрүүчү пункттун аймагында болгон. Андан кийин ал аскер бөлүктөрүн жана оор техниканы колдонууга жеткен жаңжалга айланган. Баткен районунун бир катар чек ара айылдарына тажик тараптан сокку урулган. Окуяда 183 кыргызстандык жабыркап, 36 адам каза болгон, анын ичинде жаш балдар да бар эле. Кагылышуу болгон аймактан 33 миңден ашуун адам эвакуацияланган.

 

Булак: Автор тв

Бул да кызыктуу

Жүктөлүүдө....