Футбол боюнча Кыргызстан кубогунун финалдык беттеши Баткенде өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунун басма сөз кызматынан билдирди.

 

Белгилей кетсек, бул чечим 2-сентябр күнү  Кыргыз футбол союзунун аткаруу комитетинин жыйынында кабыл алынган.

10-августта финалдык беттештин уюштуруучулары Баткен облусуна иш сапары менен барып, стадиондун абалын текшерип, футболчулар жашай турган жердин шартын көрүп келишкен. Анын жүрүшүндө бир катар мүчүлүштүктөр аныкталып, аларды 31-августка чейин жоюу тапшырмасы берилген эле.

2-сентябрдагы жыйында Кыргыз футбол союзунун Баткендеги өкүлү Айбек Ражапов аткарылган иштер тууралуу отчет берип,  жыйынтыгында финалдык оюнду Баткенде өткөрүү чечими кабыл алынды.

Кыргызстан кубогунун финалдык беттеши 18-сентябрда өтөт. Анда «Нефтчи» (Кочкор-Ата) менен «Алга» (Бишкек) күч сынашат.