3.1 C
Баткенская Область
28.10.2021
Batken.PRESS
Image default
Блогдор

Чет өлкөдө бекер билим алуу мүмкүнчүлүгүн берүүчү стипендиялык программалар (тизме)

Чет өлкөдө билим алуу көпчүлүк жаштардын кыялы. Бирок буга бардык эле адамдын финансылык мүмкүнчүлүгү жол бере бербейт. Ошентсе дагы бул кыялыңдан баш тартууга себеп эмес. Каалоосу күчтүү адам кандай болбосун, максатына жетүүнүн жолун табат. Ал эми чет өлкөдө билим алууну максат койгондорго стипендиялык программалар жардамга келет.

Бул чыгарылышта биз сиздер үчүн чет өлкөдө билим алуу мүмкүнчүлүгүн берүүчү стипендиялык программалардын тизмесин түздүк. Программалар тууралуу толук маалымат алуу үчүн расмий сайтына кирип, кандай документтер талап кылынганын жана тапшыруу мөөнөтүн текшерип алыңыз. Талап кылынган документтердин узун тизмеси же тапшыруу мөөнөтүнүн жакындап калгандыгы сизди чочутушу мүмкүн. Бирок максатты туура коюп, документтерди тыкыр план менен чогултсаңыз, кыска убакыттын ичинде деле жетишсеңиз болот.

1. MBA Harvard — Бустани фондунун стипендиялык программасы

Дедлайн: 31-май

Программа: MBA

Стипендия Гарвард университетинин бизнес мектебинде эки жылдык курстан өтүү үчүн эки жылда бир жолу берилет.

Каржылоо: Окуу акысы, күнүмдүк чыгашалар, турак-жай жана жол кире чыгымдарын жабуу үчүн жылына 47 500 доллар өлчөмүндө каржылык жардам берилет.

Өлкө: АКШ

Стипендияга дүйнөнүн бардык бурчунан талапкерлер катыша алышат.

— Талапкердин академиялык жетишкендиктери маанилүү;

— Талапкерлер стипендияга тапшыруу үчүн алгач университеттен МВА программасына кирүү сунушун алышы керек

Толук маалымат: https://www.boustany-foundation.org/scolarship-programs/MBA-Harvard

2. KAIST International Student Scholarship Study in South Korea

Дедлайн: 28-май

Программа: бакалавриат

Каржылоо: толук

Өлкө: Түштүк Корея, Тэджон

KAIST’те билим алуунун артыкчылыктары:

— акысыз билим алуу;

— айына 350 000 вон өлчөмүндө стипендия;

— медициналык камсыздандыруу

Толук маалымат: creative.adm@kaist.ac.kr

Study in Korea

Түштүк Кореяда билим алууну каалагандар үчүн бир нече стипендиялык программа бар. Мисалы, Global Korea Scholarship, Korean Government Scholarship Program  программалары жана университеттердин өзүнөн берилүүчү стипендиялар. Study in Korea порталында бул стипендиялар тууралуу кеңири маалымат берилген.

3. Government of Romania Scholarship for International Students

Дедлайн: 30-апрель

Программа: бакалавриат, магистратура, докторантура

Каржылоо: толук

Өлкө: Румыния

Стипендиядан тышкары ай сайын 65 евродон 85 еврого чейин жөлөк пул төлөнөт .

Толук маалымат: https://www.mae.ro/en/node/10251

4. Россия Федерациясынын жогорку окуу жайларында окуу үчүн стипендиялар

Дедлайн: 15-март

Программалар: бакалавриат, магистратура

Толук маалымат: abiturient@kgz.rs.gov.ru

5. Holland Scholarship

Дедлайн: 30-апрель (университетке жараша ар кандай убакта бүтөт)

Программа: бакалавриат, магистратура

Каржылоо: 5 000 евродон 15 000 еврого чейин

Өлкө: Голландия

Толук маалымат: bachelor@essb.eur.nl

6. Austrian Government Scholarship for International Students

Дедлайн: 1-март

Программа: бакалавриат, магистратура, аспирантура

Каржылоо: толук

Өлкө: Австрия

Толук маалымат: https://studyinaustria.at/en/useful-tips/questions-and-answers/scholarships/

7. Канадада жана АКШда чет өлкөлүк студенттерге берилүүчү FDU стипендиясы

Дедлайн: 1-июль

Программа: бакалавриат, магистратура, аспирантура

Каржылоо: толук жана жарым-жартылай

Өлкө: Канада,  АКШ

Толук маалымат: https://greatyop.com/fdu-scholarships-international-students-study-in-canada-usa/

8. Turkish Diyanet фондунун стипендиясы

Дедлайн:  15-март

Программа: бакалавриат

Каржылоо: толук

Өлкө: Түркия

Толук маалымат: https://www.facebook.com/Diyanetvakfi/

9. Фудан университети менен Массачусетс технологиялык институтунун (MIT) алдындагы эл аралык Sloan бизнес мектебинин MBA программасы үчүн стипендия

Дедлайн: 30-апрель

Программа: эл аралык MBA

Өлкө: Кытай, Шанхай

Чет өлкөлүк студенттер үчүн бир нече стипендия каралган:

— “Xing Quan Belt and Road” стипендиясы “Бир алкак, бир жол” демилгесине кирген өлкөлөрдүн (138 өлкө, анын ичинде КМШ өлкөлөрү дагы бар) студенттери үчүн негизделген.

— Entry Scholarships — академиялык артыкчылыктардын негизинде берилүүчү стипендиялар, программага тапшыруу үчүн өзүнчө арыз талап кылынбайт.

— GMAT стипендиясы: GMAT сынагынан 750 баллдан жогору алгандарга 100%дык арзандатуу берилет.

— Dual Degree Scholarships – MBA программасынын экинчи жылын акысыз алуу мүмкүнчүлүгүн берүүчү стипендия. MIT, Yale университетинин жана Schulich бизнес мектебинин программалары үчүн жеткиликтүү. Программага тапшыруу үчүн тийиштүү даражага жана кеминде эки жылдык иш тажрыйбасына ээ болуу керек. Мындан сырткары GMAT/GRE сынактарынын жыйынтыктары талап кылынат.

Толук маалымат: https://www.fdsm.fudan.edu.cn/fdimba/scholarship_fees.html

10. Heinrich Boll Foundation Scholarships in Germany

Дедлайн: 1-март

Программа: магистратура, аспирантура

Каржылоо: толук

Өлкө: Германия

Толук маалымат: https://www.boell.de/en/foundation/application

11. Эдинбург университетинин стипендиясы

Дедлайн: 31-март

Программа: бакалавриат

Каржылоо: 5,000 £

Өлкө:  Улуу Британия

Толук маалымат: https://www.ed.ac.uk/student-funding/undergraduate/international/mathematics

12. International Excellence Scholarship at Brunel University

Дедлайн: 20-ноябрь

Программа: бакалавриат, магистратура, аспирантура

Каржылоо: жарым-жартылай

Өлкө: Улуу Британия, Лондон

Толук маалымат: scholarships@brunel.ac.uk

13. Royal Holloway университетинин стипендиясы

Дедлайн: 19-апрель

Программа: бакалавриат

Каржылоо: толук жана жарым-жартылай

Өлкө: Улуу Британия

Толук маалымат: https://www.royalholloway.ac.uk/studying-here/fees-and-funding/undergraduate/scholarships-and-bursaries/scholarships/reed-innovation-scholarship/

14. Ноттингем Трент университетинин стипендиясы

Дедлайн: 12-май

Программа: магистратура

Каржылоо: толук жана жарым-жартылай

Өлкө: Улуу Британия

Стипендияга тапшыраардан мурун университеттен чакыруу катын алышыңыз керек. Өтүнмөнү толтурган соң сайт жеткиликтүү стипендиялардын бардыгын карап чыгат.

Толук маалымат: international@ntu.ac.uk

15. ST Thomas University Entrance Scholarship to Study in Canada

Дедлайн: 1-март

Программа: бакалавриат

Каржылоо: толук жана жарым-жартылай (студенттин резюмесине жараша)

Өлкө: Канада

Толук маалымат: https://www.facebook.com/StThomasUCanada

16. Оттава университетинде дифференциалдык окуу акыларынан бошотуу

Дедлайн: 26-март

Программа: бакалавриат, магистратура

Каржылоо: жарым-жартылай

Өлкө: Канада

Толук маалымат: https://greatyop.com/university-ottawa-differential-tuition-fee-exemption/#google_vignette

17. Фарли Дикинсон университетинен чет өлкөлүк студенттер үчүн стипендия

Дедлайн: 1-июль

Программа: бакалавриат

Каржылоо: жылына 22 000$га  чейин стипендия берилет. Стипендияны төрт жылга узартуу мүмкүнчүлүгү бар.

Өлкө: АКШ

Толук маалымат: https://www.fdu.edu/admissions/international/scholarships/

18. Жаңы Түштүк Уэльс университетинин (UNSW) стипендиясы

Дедлайн: 31-март

Программа: бакалавриат, магистратура, аспирантура

Каржылоо: толук жана жарым-жартылай

Өлкө: Австралия

Эскертүү: Стипендияга тапшыруу үчүн алгач окуу жайдан чакыруу кагазын алуу керек.

Толук маалымат: https://www.scholarships.unsw.edu.au/term-2-2021-unsw-international-scholarships

19. Тринити колледжинин стипендиясы

Дедлайн: 31-май

Программа: магистратура

Каржылоо: жарым-жартылай

Өлкө: Ирландия

Толук маалымат: TBS.Scholarships@tcd.ie; business.masters@tcd.ie

20. Эл аралык дизайн жана бизнес мода мектебинин (IFA) стипендиясы

Дедлайн: 15-март

Программа: бакалавриат, магистратура жана МВА

Стипендия талапкердин артыкчылыктарына, талантына жана академиялык профилине жараша берилет.

Каржылоо: окуу акысына 100%, 40% жана 20%дык арзандатуу

Өлкө: Франция, Париж

Толук маалымат: https://www.ifaparis.com/admissions/scholarships

21. Уайкато университетинин стипендиясы

Дедлайн: 2021-жыл үчүн арыздарды каалаган убакта тапшырса болот

Программа: бакалавриат, магистратура, аспирантура

Каржылоо: 10 000$

Стипендия академиялык артыкчылыктары менен айырмаланган талапкерлерге берилет.

Өлкө: Жаңы Зеландия

Толук маалымат: https://www.waikato.ac.nz/scholarships/s/university-of-waikato-international-excellence-scholarship

22. Фламандияда магистрлер үчүн Master Mind стипендиясы

Дедлайн: 30-апрель

Программа: магистратура

Каржылоо: окуу акысынан тышкары студенттин күнүмдүк керектөөлөрү үчүн жылына 8000 евро төлөнөт.

Өлкө: Бельгия, Фламандия аймагы

Толук маалымат: https://www.studyinflanders.be/scholarships/master-mind-scholarships

23. Abo Akademi университетинин стипендиясы

Дедлайн: 15-июнь

Программа: магистратура

Өлкө: Финляндия

Толук маалымат: https://www.abo.fi/en/study/apply/international-master-programmes/scholarship-programme-for-master-students/#hero__anchor-first

24. Женева университетинин стипендиясы

Дедлайн: 15-март

Программа: магистратура (Табигый илимдер факультети)

Каржылоо: толук жана жарым-жартылай. Стипендияны жыл сайын узартып алуу мүмкүнчүлүгү бар.

Өлкө: Швейцария

Эскертүү: өтүнмөнү англис же француз тилинде толтуруу керек.

Толук маалымат: https://www.unige.ch/sciences/en/enseignements/formations/masters/excellencemasterfellowships/

25. Падуя университетинин стипендиясы

Дедлайн: программага жараша ар түрдүү убакта бүтөт

Программа: бакалавриат, магистратура

Каржылоо: окуу акысынан тышкары студенттин күнүмдүк керектөөлөрү үчүн жылына 8000 евро төлөнөт.

Өлкө: Италия, Падуя

Толук маалымат: international.admission@unipd.itалия

26. Эл аралык Luiss Guido Carli университетинин стипендиясы

Дедлайн: 5-июль  (кабыл алуу 10-майда башталат)

Программа: магистратура

Каржылоо: толук жана жарым-жартылай

Өлкө: Италия

Толук маалымат: https://landing.luiss.it/ammissione-magistrali2021/?gclid=EAIaIQobChMIm_evo4D47wIVNgCiAx0lfwDYEAAYASAAEgKjz_D_BwE

27. Чулалонгкорн университетинин стипендиясы

Дедлайн: 15-апрель (2-тур), 23-июнь (3-тур)

Программа: магистратура, аспирантура

Каржылоо: толук

Өлкө: Таиланд

Толук маалымат: https://opportunitiescorners.info/chulalongkorn-university-scholarship/

28. KAUST университетинен PhD программалары үчүн толук стипендия

Өлкө: Сауд Арабиясы

Толук маалымат: https://admissions.kaust.edu.sa/?utm_source=telegram&utm_medium=social_paid&utm_campaign=ec_pg2021_apply&utm_content=study_qa

29. Chinese Government Scholarship at Nanjing University

Дедлайн: 31-март

Программа: бакалавриат, магистратура, докторантура

Каржылоо: толук

Өлкө: Кытай, Нанкин

Нанкин университетинде билим алуунун артыкчылыктары:

— акысыз билим алуу;

— акысыз жатакана;

— ай сайын стипендия;

— медициналык камсыздандыруу

Бардык документтер кытай же англис тилине которулуп, нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлүшү керек.

Толук маалымат: zqr@nju.edu.cn

30. International Education College Dalian Medical University

Программа: магистратура

Өлкө: Кытай

Толук маалымат: admission@dmu.edu.cn

31. CEIBS Global Significance Scholarship

Дедлайн: 10-март

Программа: MBA

Каржылоо: толук

Өлкө: Кытай, Шанхай

Толук маалымат: https://qs.topuniversities.com/scholarships/apply/340

32. Xiamen университетинин стипендиясы

Дедлайн: 15-апрель

Программа: бакалавриат, магистратура, аспирантура

Каржылоо: толук

Өлкө: Кытай

Толук маалымат: https://admissions.xmu.edu.cn/16895/list.htm

33. Электрондук илимдер жана технология университетинин стипендиясы

Дедлайн: 31-март

Программа: магистратура, аспирантура

Өлкө: Кытай, Ченду

Толук маалымат: admission@uestc.edu.cn

34. Есбуд университетинин стипендиясы

Дедлайн: убактысы чектелбейт

Программа: бакалавриат, магистратура, аспирантура

Багыттары: гуманитардык илимдер, бизнес, айыл чарба илимдери, инженерия

Өлкө: онлайн окутуу

Артыкчылыгы: ийкемдүү график

Толук маалымат: https://yesbud.online/scholarship/
Подробнее: limon.kg/ky/news:74155
facebook.com/limonkg
twitter.com/LimonKG

Бул да кызыктуу

Жүктөлүүдө....