-8.5 C
Баткенская Область
22.01.2022
Batken.PRESS
Image default
Аймактар Лейлек району‎

Чек ара:Тажикстандыктар кармап кеткен 2 мектеп окуучусу кайтарылды

Бүгүн, 24-сентябрда Тажикстандыктар кармап кеткен 11-класынын 2 окуучусу бошотулду.  Бул тууралуу балдардын жакын туугандары кабарлашты. Учурда балдар медициналык каароодон өтүп жатат.  

Лейлек районунун Жаштык айылынан эки өспүрүмдү Тажикстандын күч кызматкерлери 23-сентябрь күнү  кармап кеткен.

Алар такталбаган чек ара аймагында автоунаага жүк артып жаткан учурда кармалган. Учурда облус жетекчилигинин деңгээлинде жолугушуу болору күтүлүүдө.

Бул окуя боюнча Тажикстан тарап расмий маалымат бере элек.

Чек арада быйыл 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши курман болгон, анын экөө жаш бала. 180ден ашуун киши жараат алган. Тажик тараптан 19 киши каза таап, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган. Тараптар бири-бирин айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.

Бул да кызыктуу

Жүктөлүүдө....