-8.5 C
Баткенская Область
22.01.2022
Batken.PRESS
Image default
Без рубрики

Жапаровдун жолугушууларын сүрөткө тартууга тыюу салынды

Бүгүн, президент Садыр Жапаров Баткенге келди. Анын эл менен жолугушууларын журналистер тартуусуна тыюу салган. Ага ылайык, күзөтчүлөр журналисттерге, жайкын тургундарга президент Садыр Жапаровдун эл менен жолугушууларын сүрөт-видеого тарттырбай жатат жана тартылган сүрөттөрдү өчүртүп салышты.

Президенттин басма сөз кызматы буга байланыштуу азырынча түшүндүрмө бере элек.

Жапаров Максат айылындагы чек ара чырында өрттөлгөн мектептин жанында тургундар менен жолукту. Андан ары Кулунду, Интернационал айылдарына барары айтылды.

Жапаров 6-майда Баткенде иш сапар менен жүрөт.

Ал 5-майда “Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндөгү” жарлыкка кол койгон.

Ага ылайык, бул максатта премьер-министр төрагалык кылган мамлекеттик комиссия түзүлөт жана аталган облуста президенттин атайын өкүлү дайындалат.

Бул да кызыктуу

Жүктөлүүдө....