2.3 C
Баткенская Область
28.10.2021
Batken.PRESS
Image default
Блогдор Дүйнө

Британ мектептери окуучуларга «Кальмар оюнун» көрсөтпөөнү сунуштады

Британия билим берүү мекемелери Netflix платформасы аркылуу популярдуу болгон «Кальмар оюну» сериалынан улам тынчсызданууларын билдирип чыкты. Мектеп жетекчилиги учурда ата-энелерге кат жиберип, анда балдарга Түштүк Кореянын «Кальмар оюну» сериалын көрсөтпөөгө чакырган.

LAD Bible басылмасынын маалыматында, сериалды көргөн окуучулардын айрымдары мугалимдерге триллерде көрсөтүлгөндөй «конкурстарга» кантип катышса болорун сурашкан. Аталган сериалда оюндан жеңилген каарманды сөзсүз өлүм күтөт. Мындан улам мектеп жетекчилери: «Бул сериал балдардын психикалык саламаттыгына терс таасир берет», — деп кабатырланышууда.

Белгилей кетсек, аталган сериал мектеп окуучулары үчүн эмес. Тасманын режиссёру Хван Дон-хек «Кальмар оюнунун» экинчи сезонун да тартууну пландап жатканын айткан.

Учурда корей сериалын көргөндөрдүн саны «Ведьмак», «Бриджертондор» жана «Люпен» сериалдарынан да ашып түшкөн. Адистердин божомолунда «Кальмар оюну» платформанын тарыхындагы эң көп көрүлгөн сериалга айланышы мүмкүн.

«Кальмар оюну» — жашоодо карызга батып, багытын таппай калгандардын оюну тууралуу сериал. Оюндун ар бир раундунда жеңилгендерди өлүм күтөт. Бардык катышуучулар акчалай сыйлыкты алуу үчүн жан үрөшөт. Бирок ал акча оюндун аягында бардык катышуучуларды жеңген жалгыз жеңүүчүгө берилет.

Бул да кызыктуу

Жүктөлүүдө....