2.3 C
Баткенская Область
28.10.2021
Batken.PRESS
Image default
Блогдор

Берекелүү Баткеним. Жерибиз кылымдар бою кыргыздарга кызмат кылат

Баткенге баратканда 4 саат жүрдүк. Таксист байке абдан кичи пейил сонун адам экен. Кээ бир сөздөрүн түшүнбөй калганым эле болбосо 97% түшүндүм. Бир эле максат менен келгенбиз. Жергиликтүү көйгөйдү өз көзүбүз менен көрүп келели билели деп.

Баткендеги үйлөр абдан сонун салынган, жер жемиш жык. 4 кг шабдаалы 100 сом. Күрүч тамеки жалбырагы, өрүк, алма дарбыз толтура. Көйгөйлүү жери Көк таш Ак сайга бардык. Ачыгын айтканда мунун чечилишине жогорку деңгээлде дипломаттык жол же болбосо күч менен чечүү жолун кана көрдүм. Президенттер алмашкан сайын, ызы чуу болгон сайын кайталана бергидей. Эмнеге анткени бир айыл кыргыздар, кийинки айыл тажиктер кайра үчүнчү айыл кыргыздар экен. Баткен кылт этсе бүт кыргызстан тикесинен тик турбаса. Аябай стратегиялык суунун башы дагы талаш. Анын үстүнө ошол чек арага күчтүү военный база койсо көптүк кылбайт.

Биздин максат бир эле Баткен, Нарын, Ош же Көл болобу ар бир жердин бир ууч топурагы биз үчүн биздин жандан артык. Биз өтүп кете турган жанбыз. Жерибиз кылымдар бою кыргыздарга кызмат кылат. Бир саясатчынын ызы чуусу болуп кетиптир. Ал кишиге ишим да жок. Ал жөнүндө сүйлөшкөнгө ниетим да жок. Кыргыздар бир бололу, бизде биримдик болсо бир карыш жерди жылдырбайбыз.

Бул да кызыктуу

Жүктөлүүдө....