2.3 C
Баткенская Область
28.10.2021
Batken.PRESS
Image default
Баткен району Блогдор Жаңылыктар Коом

БатМУнун студенттери «Жылдын мыкты студенти» аталды

2021-жылдын 2-октябрь күнү Бишкек шаарында «ЖЫЛДЫН МЫКТЫ СТУДЕНТИ -2021» кароо-сынагынын жыйынтыктоо аземи болуп өттү. Анда Баткен мамлекеттик университетинин төрт студенти жеңишке ээ болушту.

Эл аралык «БОБЕК» улуттук кыймылы Эл аралык студенттер ассоциациясы жана КРнын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте «Кыргызстандын мыкты студенти — 2021» аталышындагы таланттуу жаштардын китеп коллекциясын чыгарууга өлкөбүздөгү ЖОЖдордун студенттеринин арасында сынак жарыялаган. Бул сынакка Кыргызстандагы ЖОЖнун студенттери, анын катарында БатМУнун мыкты студенттери да катышып, окуу жайга сыймык алып келишти.12-августтан, 5-сентябрга чейин сынакка катышуучуларды кабыл алуу жүрүп, жыйынтыктоочу бөлүгү, борбор калаабыздагы Ишенаалы Арабаев атындагы КМУнун китепканасында сыйлоо аземи менен коштолду.
Сынакта БатМУ СГЭИнин lV курсунун студенти Кулдашева Гүлчехра, Умарова Мохира, lll курсунун студенти Токсонбаева Каниметтер 2-орунду камсыз кылса, БатМУнун башкы мекемесинин ll курсунун студенти Жапарова Айзат 3-орунду ээледи. Жеңүүчүлөр ДИПЛОМ, ТӨШ БЕЛГИ жана тастыктоочу КҮБӨЛҮККӨ ээ болушту. Ошондой эле Кыргызстандын мыкты студенттеринин жетишкен ийгиликтери чагылдырылган журнал да тапшырылды.
Белгилей кетсек, сыйлыкка жеткен мыктылар буга чейинки жараткан ийгиликтери, окуудагы жана коомдук иштердеги жетишкендиктеринин негизинде тандалып алынган.

Бул да кызыктуу

Жүктөлүүдө....