-8.5 C
Баткенская Область
22.01.2022
Batken.PRESS
Image default
Баткен шаары

Баткенде жол кире 15 сомго көтөрүлөбү?

Баткен шаардык Кеңеши жана мэрия социалдык тармак аркылуу «Базар-Башы-Баткен-Бужум» маршруттук каттамдын жол кире аксын 15 сомго көтөрүү боюнча маселени коомдук талкууга коёт. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Анткени, «Баткен» Акционердик коому күйүүчү майдын өскөндүгүнө байланыштуу, «Базар-Башы — Баткен — Бужум» маршруттук каттамынын жол кире акысын 15 сомго көтөрүп берүү сунушун берген.

Мыйзам боюнча тарифти өзгөртүү чечимин Баткен шаардык Кеңеши кабыл алат. Мэрия маселенин бардык күңгөй-тескейин карап, текшерүүлөрдү, коомдук талкууну жүргүзүп бүткөн соң шаардык кеңешке сунуш киргизет.

Бул да кызыктуу

Жүктөлүүдө....