2.3 C
Баткенская Область
28.10.2021
Batken.PRESS
Image default
Жаңылыктар Саясат

Баткенде кагылышууда майып болгондорду ооруканалар албай жатат

Баткендеги куралдуу кагылышта майып болгон жарандарды “акча төлө” деп ооруканалар кабыл албай жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова билдирди.

Анын айтымында, тажик тараптын кол салуусунан жаракат алгандар майыптыгы тууралуу комиссиядан өткөрүлүп, өзүнчө макам берилген эмес.

Белгилей кетсек, быйылкы жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуудан 36 кыргызстандык каза болуп, 100дөн ашык адам жаракат алган. 136 үй урандыга айланып, 15 социалдык объект жана ондогон бизнес объектилери талкаланган.

Бул да кызыктуу

Жүктөлүүдө....