-8.5 C
Баткенская Область
22.01.2022
Batken.PRESS
Image default
Без рубрики Коом

Баткенде “Чыгып кеткиле” деп кыйкырышты. Улан Үсөйн арыз жазды

 

Жарандык активист Улан Үсөйүн «Айылдык табышкер» деп аталган долбоорунун алкагында Баткенге барганда белгисиз адамдар ага кол салууга аракет кылганын айтып чыкты.

«Шаарга кире бериште бизди жаман сөздөр менен тилдеп, «чыгып кеткиле» деп кыйкырышты. Артыбыздан калбай мейманканага чейин келишти. Милиция чакырдык, арыз жазып атабыз».

Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы активисттин арызы кабыл алынганын, кырдаал көзөмөлдө экенин кабарлады.

Жарандык активист Улан Үсөйүн «Айылдык табышкер» деп аталган долбоордун алкагында жергиликтүү ишкерлерди колдоо максатында Баткенге барган.

Аталган долбоор өлкөнүн булуң-бурчундагы ишкерлерди колдоо, аларды бизнести туура жүргүзүүгө, чоң рынокко чыгууга үйрөтүүнү максат кылат. Буга чейин долбоордун алкагында Жалал-Абад, Нарын, Ош, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы жергиликтүү ишкерлер окутулган.

 

 

Бул да кызыктуу

Жүктөлүүдө....