5.8 C
Баткенская Область
01.12.2021
Batken.PRESS
Image default
Жаңылыктар Коом

Баткен районуна Туркия тарабынан курулган үйлөр бүтө элекпи?

22-октябр күнү Баткен шаарында «Баткен облусундагы чек арада жайгашкан айылдарды калыбына келтирүүдөгү иш-чараларды талкулоо» аталышындагы тегерек стол болуп өттү. Иш-чара бей өкмөт умдардын жана Баткен облусундагы өкүлдөрү тарабынан өткөзүлдү. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Гүлгаакы Мамасалиева билдирди.

Анын айтымында, Иш-чарага кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда үй-жай, мал жандыктарынан айрылган тургундар, президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев баш болгон бийлик өкүлдөрү жана журналисттер, бир канча юристтер катышты. Мындан сырткары, тегерек столго Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко да онлайн катышып, сөз сүйлөгөн. Жыйында Баткен облусунун администрациясынын өкүлдөрү бүгүнкү күнгө чейин кандай иштер жасалганын маалымдашты. Ал эми жабыркаган тургундар бийлик өкүлдөрүнө кандай кыйынчылыктарга дуушар болушканын айтып беришкен. Баткен облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн атайын эсебине кыргызстандыктар тарабынан 119 млн сомдон ашуун каражат келип түшкөнүн эскертип, анын бир бөлүгү жабыркагандардын үйлөрүнө жылуулук өткөрүү үчүн сарпталганын маалымдады.

«Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда күйүп кеткен үйлөрдүн бир канчасын Түркия салып берген. Лейлек районуна 100, Баткен районуна 40 үйдү салып беришкен. Бүгүнкү күндө Лейлек районунда бардык үйлөр курулуп бүтүп, тургундар көчүп кирип кадимкидей жашап жатат.. Ал эми Баткен районунда үч үй дагы деле бүтпөй жатат. Мындан улам үч үй-бүлө туугандарынын жана кошуналарынын үйлөрүндө убактылуу жашап жатат. Жыйынга Баткен облусундагы бийлик өкүлдөрү менен жабыркаган үй-бүлөлөр катышып, суроо-жоптор орун алды. Анда тургундар өздөрүнүн көйгөйлөрүн айтып, бир канча үй ушул убакытка чейин бүтпөй жатканын айтып өздөрүнүн талаптарын айтышты. Кээ бир бүткөн үйлөргө да жылытуу жана электр системасы киргизиле электигин кошумчалашты. Ал эми биздин юристтер Баткен районундагы жаңы салынган үйлөрдү Архитектура башкармалыгы кабыл албаганына карабастан тургундар ал үйлөргө киргизилип жатканын айтышты. Жыйында кызуу талкуу болуп, тургундар тарабынан коюлган талаптарды Маруфхан Тулаев тиешелүү органдарга жеткирүүнү айтты»,-деди Гүлгаакы Мамасалиева.

Бул да кызыктуу

Жүктөлүүдө....