-8.5 C
Баткенская Область
22.01.2022
Batken.PRESS
Image default
Жаңылыктар Коом

Баткен прокуратура: Мамлекетке 38 млн сом зыян келтиргендер аныкталды

Башкы прокуратура Баткен областтык прокуратурасы тарабынан мамлекетке 38 млн сомдон ашуун каражат зыян келтирилген фактысын аныкталды. Бул тууралуу «Dobulbas» ютуб каналы атайын сюжет даярдаган.

«Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери тендерлердин шарттарын бузуу менен алты социалдык объекти боюнча аткарылбаган иштерге жана бүткөрүлбөгөн курулуштарга 38 миллион 114 миң 608 сомду жеке жактарга мыйзамсыз которуп жиберишип, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтиришкен»,-дейт улук прокурор.

Ал эми капиталдык курулуш башкармалыгы аталган каражат дебитордук карыз экендигин, курулуш иштери бүткөрүлүүсү менен карыз жоюларын айтышты.

Булак: «Dobulbas» ютуб каналы

https://youtu.be/aGQAO-XQCWE

Бул да кызыктуу

Жүктөлүүдө....