2.3 C
Баткенская Область
28.10.2021
Batken.PRESS
Image default
Жаңылыктар Маданият

Баткен: 30 000 сом! “Мыкты кыргыз боз үйү” кароо-сынагынан 3 — орунду ээлешти

Бишкек шаарында 22-сентябрдан 25-сентябрга чейин Дүйнө элдеринин эпосторунун VI эл аралык фестивалы өткөрүлдү. Фестивалдын алкагында “Мыкты кыргыз боз үйү” кароо-сынагы уюштурулуп, ага ар бир облустан жана Бишкек шаарынан уз-чеберлер  катышты. Анда боз үйдүн  ички-сырткы жасалгалары, элдик нукура технологияны колдонуусу, кыргыз үйүнун өзгөчөлүгү бааланды.

Жыйынтыгында Баткен облусунун (Баткен району)  атынан катышкан Айсалкын Абытова 3-орунду камсыз кылып, 30 000 сом акчалай сыйлыкка ээ болду. Мындан сырткары Кадамжай районунан барган  Хабибахан Шакирова жана Зувайда Нийматовалардын боз үйү калыстар тобунун купулуна толуп, 30 000 сом тапшырылды.

Белгилей кетсек, фестивал  Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулуп, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына жана тунгуч жазма акын, агартуучу жана манасчы Тоголок Молдонун 160 жылдыгына арналган.

Максаты дүйнө элдеринин эпикалык мурастарын элге жеткирүү, адамзаттын маданий баалуулуктарын сактоо, жайылтуу, эл аралык маданий кызматташтыкты бекемдөө болуп саналат.

Бул да кызыктуу

Жүктөлүүдө....