-8.5 C
Баткенская Область
22.01.2022
Batken.PRESS
Image default
Аймактар Видео Жаңылыктар Саясат

Бактыбек Калмаматов: Оозуна алы жетпей 36 адамды өлтүртүп койду. Ким жооп берет?

Белгилүү саясатчы, «Азаттык» партиясынан талапркелигин коюп, чыгып жаткан Бактыбек Калмамтовдун өзүнүн ютуб баракчасына берген маегинен соӊ, коомчулук башын ийкеп, туура айтып жатканын соц тармактарга жазып чыгышууда.

Анда ал Баткен чек арасынын чыныгы абалы, жергиликтүү элдин мөгдүрөп калганын, мамлекеттин экономикалык жактан утулуп жатканын айтып, бир катар нерселерди көзгө сайып көрсөттү.

«5 жылдан бери чек-ара кызматы Баткенге 500 аскерди сурап жатканынОшол эле маалда Президентти 700-800 жан сакчы кайтарат. Эмне, 250 миӊ Баткендик тургундардын өмүрүнөн Президенттин өмүрү кымбатбы? Буга чейинки бийликтин кондрабандисттеринин айынан ошол анклавдын кирип-чыгышына КПП коюлган эмес. Эч кур дегенде КПП коюп койбойт белеӊер?! Ошол согушта курал жарак каяктан пайда болуп калды? Жүрөктү өйүгөн көп суроо бар.
Анан кечке эле бюджетти 400 млрд кылабыз, Асманды курабыз деп…Кое тур, биринчи Баткендеги үйдү бүтүр. Анан башканы айтсаӊ, башкалар ишенет. Мындан 2 жыл мурда Өзбекстандын Сар-добасында суу сактагыч жарылып кетти. Президент келди, «кыжалат болбогула, мен муну бүтүрүп берем» деди. 1 жылдын ичинде жапжаӊы шаар салып койду. Бул принспиялдуу сыноо болчу. Ал мамлекеттин күчүн көрсөттү. Карызга алдыбы, каяктан алды, кыскасы көрсөттү. Биз дагы Баткенди каяктан тапсак дагы көрсөтүшүбүз керек болчу. Биздин эл ынтымактуу, биз күчтүүбүз, биз куруп кое алабыз деп. Баткенде согуш болуп атканда 2-3 күн бийликтегилер каякта экенин таппай калдык го. Кимиси эмне иш менен алек экенин билбей калдык. Ошондуктан саясатты түздөшүбүз керек. Оӊдошубуз керек. Көз караштарды өзгөртүшүбүз керек. Болбосо ушинтип эле жапайычылык менен кете берсек, жакшы менен бүтпөйт. Дүйнө алдыга кетип атса, биз артка кетип атабыз!» — деди ал.

Ошондой эле Бактыбек Калмаматов, Баткендеги иштетилбей жаткан 1 млрд куба метр нефитини козгоп, чек араны кантип бекемдеш керек экенин белгиледи.

«Баткен облусунун 1 миллиярд куба метр нефтиси бар. Бул Союз мезгилинде аныкталган. Ошол 1 млрд куба метр нефтинин үстүндө турган область бүгүн, мышык ыйлаган абалда турса, ыйлайсыӊбы, арданасыӊбы, намыстанасыӊбы? 1млр куба метр… 200-300 жылга жөн эле жетет.
А Кыргызстан бүгүн эмне кылып атат? Мамлекет жылына 600-700 млн долларга Россиядан күйүүчү май сатып алып жатат. Өзүӊдө нефти турса, эмнеге бирөөдөн сатып аласыӊ? Же ашкыча акчаӊ барбы? А эгерде ал нефти иштеп кала турган болсо, ал бир гана күйүүчү май чыгарбайт да. Ал жерде селитрадан баштап, тамак-аштан, кийим кечеге чейин бүт чыгат. Стратегиялык областга айланат. Ал жака зым тартыштын да кереги жок болуп калат. Биздикилер «тигил протокол менен талашып атабыз, муну менен талашып атабыз» — дейт. Эй, чек-араны антип чечпейт, кагылайындарым! Чек-араны бакубат экономика менен чечет. Экономикаӊ күчтүү болсо, чек-араны ачып кой. Сага келип-кетип жүрө берет. Сага эч ким кол сала албайт. Жок. Бүгүн аны да иштетпей жатабыз. Бүгүн Баткендиктер мөӊгүрөп, акыбалы оор болуп отурушат» — деди саясатчы.

Андан аркы маегинде, биздин мамлекет баткендеги маселелерди чече албай,өзүбүздүн так позициябызды көрсөтө албаганыбыздан дүйнө элинде имиджибиз түшкөнүн айтып, сынга алды.

«Өзүбүздүн акылыбыздын жоктугунун айынан, оозубузга алыбыздын жетпегенинен айынан 36 адамды өлтүртүп койдук. Ошол кырдаалды алдын алалбаганыбыздын айынан бүгүн адамдар үйү жок калды. Биз дүйнөдө колунан бааледа келбеген мамлекет деп имиджибиз түштү. Биз жеӊилдик. Биздин жүрөгүбүз канады. Биз моралдык сындык… Ким жооп берди? Эч ким жооп берген жок. Жооп бергендин ордуна, биздикилер барып чек араны жаап коюшту. Чек араны жабардан мурун ойлонуш керек. Стратегиялык жагын ойлонуш керек. Чек араны жаап койсок, баткендиктердин тричилиги эмне болот? Ураа-ураа менен чек-араны жаап алганбыз…

Баткендик тургундардын баары тамак-ашты тажиктер менен кызматташып, тричилик кылчу да. Бүгүн Баткендин экономикалык абалы өтө оор. Биз бүгүн чек араны жаап алып, тажиктерди кантип коркуталы дедик. Кайсы акылдары менен ойлонот түшүнбөй турам. Чычканды өткөрбөгөндөй кылып чек араны жаап алдык. Тажикстан менен чектешкен бир эле биз эмеспиз да. Өзбекстан буга чейин ошол Тажикстан менен болгон соода түйүнүн жоготуп койгон болчу. Биз чек араны жапканда, «кош келипсиӊер» деп биздин базарды Өзбектан алып койду да. Бул эмне деген келесоолук. Биз базарды алдырып ийбедикби.

Миттинг деген бир жыл мурун бүткөн. Ураа-ураа дей бербей, кабинетге отуруп иш кылыш керек. Биз базарды алдырып ийбедикби. Баткендиктер өрүгүн, майын, семичкесин баарын тажик туугандарга сатып, тричилик кылчу да, ушул күнгө чейин. Азыр эми эч жака саталбай, күрүчтүн баасы ит бекер болуп калды. Ал баткендиктер ошону менен жан бакчу да. Же мамлекет ошол күрүчгө кымбат бааны коюп бердиби? Жоок, көгөрүп чек араны жаап отурушат. Эми азыр кайра ачалбай, коркуп атышат. Булар популисттик ыкма менен жаап алышкан да. Фейсбуктун күчү менен жаап алып, эми ачса кайра фейсбуктагы отурган элдин күчүнөн коркуп атат. Фейсбук менен мамлекет башкарылбайт, туугандар. Мамлекетти акыл менен башкарыш керек. Эми Тажиктсандын базары Өзбекстанга кетти. Бул биздин экономикалык жагыбыздан да артка тартыбы? Чек араны жаап койсок эле тажиктер ачка калат дегенге ким ишенет?» — деди ал.

Бактыбек Калмамтовдун бул маегиндеги акыркы айткан сөздөрү айрым бир саясатчыларга октой ачуу тиери белгилүү. Бирок, ал көпчүлүк айта албайган сөздөрдү тайманбай айткан.

«Буга чейинки бийликтин кондрабандисттеринин айынан ошол анклавдын кирип-чыгышына КПП коюлган эмес. Эч кур дегенде КПП коюп койбойт белеӊер?! Ошол согушта курал жарак каяктан пайда болуп калды. Эмне жумуш жасалды деп сурагыбыз келет. Анан кечке эле бюджетти 400 млрд кылабыз, Асманды курабыз деп…Кое тур, биринчи Баткендеги үйдү бүтүр. Анан башканы айтсаӊ, башкалар ишенет. Мындан 2 жыл мурда . Өзбекстанжын Сар-добасында суу сактагыч жарылып кетти. Президент келди, кыжалат болбогула, мен муну бүтүрүп беремдеди. 1 жылдын ичинде жапжаӊы шаар салып койду. Бул принспиялдуу сыноо болчу. Ал мамлекеттин күчүн көрсөттү. Карызга алдыбы, каяктан алды, кыскасы көрсөттү. Биз дагы Баткенди каяктан тапсак дагы көрсөтүшүбүз керек болчу. Биздин эл ынтымактуу, биз күчтүүбүз, биз куруп кое алабыз деп. Баткенде согуш болуп атканда 2-3 күн бийликтегилер каякта экенин таппай калдык го. Кимиси эмне иш менен алек экенин билбей калдык. Ошондуктан саясатты түздөшүбүз керек. Оӊдошубуз керек. Көз караштарды өзгөртүшүбүз керек. Болбосо ушинтип эле жапайычылык менен кете берсек, жакшы менен бүтпөйт. Дүйнө алдыга кетип атса, биз артка кетип атабыз- деди белгилүү саясатчы Бактыбек Калмаматов.

Бул да кызыктуу

Жүктөлүүдө....