2.3 C
Баткенская Область
28.10.2021
Batken.PRESS
Image default
Жаңылыктар Маданият

200 миң сом жана Умрага сапар! Баткендик Иброхим Малабаев Куран жарышта 1-орунду ээледи

«Куран жазы» аталышындагы республикалык Куран жарышында Куранды 30 парадан жатка окуу боюнча Баткен облусунун атынан катышкан Иброхим кары Маллабаев 1-орунду алды. Бул тууралуу Баткен казыятынан билдиришти.

Сынак Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан уюштурулган. Финалдык бөлүк 25-сентябрь күнү Базар-Коргон шаарынын «Актайлак-Ата» борбордук мечитинде өттү. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Куранды 30 парадан жатка окуу боюнча:

1-орун: Маллабаев Иброхим, Баткен облусу (200 000 сом акчалай сыйлык жана умра сапарына жолдомо);

2-орун: Бахрамов Абдуразак, Ош шаары (150 000 сом акчалай сыйлык);

3-орун: Карибов Асхаб, Чүй облусу (100 000 сом акчалай сыйлык).

Куранды 20 парадан жатка окуу боюнча:

1-орун: Умаров Аятулло, Бишкек шаары (150 000 сом акчалай сыйлык жана умра сапарына жолдомо);

2-орун: Умаров Фирдавс, Чүй облусу (100 000 сом акчалай сыйлык);

3-орун: Лолаев Мехробшо, Ысык-Көл облусу (80 000 сом акчалай сыйлык).

Куранды 10 парадан жатка окуу боюнча:

1-орун: Мирбеков Нурмухаммед, Талас облусу (100 000 сом акчалай сыйлык);

2-орун: Пулодов Мухаммедали, Нарын облусу (70 000 сом акчалай сыйлык);

3-орун: Сайдамир уулу Аятулло, Ош облусу (50 000 сом акчалай сыйлык).

Алгач облус, шаарлардагы казыяттарда тандоо туру өткөрүлүп, андан 1-орунду алган жеңүүчүлөр финалдык беттешке жолдомо алышкан.

 

Бул да кызыктуу

Жүктөлүүдө....